2005-жылы эл ошол кездеги президент Аскар Акаевдин ишине нааразы болуп, элдик толкундоолордон улам Акаевдин режими кулаган. Мындан 5 жылдан кийин так ушундай нааразычылыктардан улам Курманбек Бакиевдин бийлигинин доору да бүткөн. Ал президенттер "жаман" аталганы менен ошол президенттердин учурунда мамлекеттик ишти жүргүзгөн, аларды жандап жүргөн, чечимдердин кабыл алынышына түрткү болгон аткаминерлердин көбү эч кандай моралдык же укуктук жоопкерчилик тартпай, улам кийинки президенттердин тегерегинен орун таап, иштеп жүрүшөт. "Жаман" болуп жээкке ыргытылган президенттердин вазирлери "жакшы" бойдон, жаңы президенттерди жандап жүрүшөт. Мындан улам SUPER.KG порталынын "Вазир жакшы - хан жакшы" деген элибиздин даанышман сөзү актуалдуулугун жоготтубу" деген соболуна саясатчы Азимбек Бекназаров жооп берди.
Ал акыркы убакта бетке чабар саясатчылар азайып баратат деген ойдо.
“Бардык бийлик тушунда иштегендер дагы деле кызматта болгон үчүн Аскар Акаев түптөп кеткен мамлекеттик башкаруу системи сакталып калды. Ал адамдар мамлекетке, элге эмес, президенттин үй-бүлөсүнө кызмат кылгандар. Алар президенттердин аялына, баласына, балдыздарына кызмат кылып көнгөн. Ошол саясатчылардын катмары азыркы убакка чейин жүрүшөт. Мага окшогон бетке чабарлар, ачуу чындыкты айткандар ар дайым оппозицияда болот. Тигилер ким келбесин ошол бийликке ыңгайлашып алат. Ошондуктан коомчулукта эки революция болсо деле эмне өзгөрдү деген сөз бекеринен айтылып жаткан жок.
Хандарды вазирлери бузат. Хан бузулбаш үчүн анын көз карашы, туруктуу позициясы болуш керек. Тилекке каршы, биздин президенттерде андай жок. Азыркы учурда кайсы бийлик келбесин жашаганды билген, чырмооктой болуп ыңгайына түшүп алган саясатчылар көп. Мисалы, Алмазбек Атамбаевден Сооронбай Жээнбековго секирип кеткендер. Аларга баары бир. Ошондой саясатчылардын тобу бүгүн мамлекетти башкарып жатат. Бетке чабар саясатчылар азайып кетти. Алардын көбү түрмөдө, кээ бирлери “эмне болсо, ошо болсун” деп кол шилтеп жатат. Эки революция кылабызбы, эки президентти качырабызбы, баары бир башкаруу режимин өзгөртө албай койдук”, - деди Бекназаров.
Жогорку Кеңештин депутаты Зиядин Жамалдинов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаев, саясатчы Адахан Мадумаров, саясат таануучу Сейтек Качкынбаев жана коомдук ишмер Ишенбай Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.