Өлкөдө былтыркыга салыштырмалуу бала бакчалардын саны көбөйгөн

Жалпы республика боюнча 1 248 мамлекеттик жана муниципалдык, 142 менчик бала бакча иштейт. Бул тууралуу кечээ, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.

Маалыматка ылайык, быйыл мектепке чейинки билим берүү көрсөткүчү былтыркы жылга салыштырганда 1,9 пайызга көбөйгөн. "Мектептердин алдында да атайын мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын 100ү алыскы райондордо ачылып, 7358 баланы тарбиялаган. Үч сааттан иштеген 120 бала бакчалары да уюштурулуп, 10 миңдей балага таалим берген. Бала бакчага баруучу балдардын электрондук кезекке туруу тартиби да жолго коюлуп, бардык иш ачык-айкын жүргүзүлө баштады", - деди министрдин орун басары.

Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети республикадагы билим берүү уюмдарынын жаңы 2018-2019-окуу жылына карата даярдыгынын абалы боюнча маалыматты угуп, жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан