Депутат Өмүркулов өкмөт өкүлдөрүнө: "Кызматкер жакпаса эле жумуштан алып салуу тажрыйбасын токтоткула"

Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралууда.

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов кадр маселесин көзөмөлгө алуу керектигин айтты. "Кызматкер жакпай калса жумуштан кетирүү тажрыйбасын токтотуу зарыл. Жаңы министр дайындалса статс-катчыны алмаштырат. Статс-катчы алмашпоосу керек. Ал өзүнүн мөөнөтү бүткөнчө иштөөсү зарыл. Жаңы бирөө келсе ал үйрөнгөнгө чейин жарым жыл өтүп кетет", - деди Өмүркулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан