"Иштебей жаткан адам эч нерсе билбейт". Каржы министри жаңы курулуп жаткан мектептердин жалпы санын айта алган жок

“Республика боюнча 70 пайызы бүткөн канча мектеп бар? Сиз буга чейин өлкө боюнча курулуп жаткан мектептердин 70 пайызы бүткөн дегенсиз”, - деп депутат Калдарбек Баймуратов Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинин жыйынында каржы министринен сурады.

Каржы министри Адылбек Касымалиев эл өкүлүнүн суроолоруна жооп бере алган жок.

“Бизге бул тууралуу отчёт Курулуш агенттигинен келип түшөт. Учурда бул тууралуу менде маалымат жок”, - деди министр.

Эл өкүлү "иштебей жаткан адам эч нерсе билбейт" деп министрди сындады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан