Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралууда.
Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин эртең, 19-сентябрда жумуштары чыгып калганына байланыштуу Жогорку Кеңештин жыйынына келе албай турганын айтты.
Депутат Мыктыбек Абдылдаев жана Аалы Карашев премьер-министр өзү баяндама жасашы керектигин айтты.