Бүгүн, 18-сентябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштаган.
Жыйынтыгында депутаттар алардын талапкерлигин жактырышты.