Депутат Исхак Масалиев: “Өкмөттө Коргоо министрлиги жетишпейт”

Өкмөттүн өз түзүмүн өзгөртүү боюнча сунуштарын Жогорку Кеңешке тааныштыруу мөөнөтү 1 жарым айга жылдырылды. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин бул суранычын депутаттар колдоого алышты. Буга чейин бири-бирин кайталаган мамлекеттик мекемелер көп экени, бюджет мунун айынан натыйжасыз сарпталып жаткандыгы жана маанилүү делген органдардын жоктугу айтылып келген. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Өкмөттүн түзүмүндө кайсы министрлик, кызмат, агенттиктер ашыкча? Өкмөттүн түзүмүн оптималдаштыруу керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиевдин пикири төмөндөгүдөй болду.

Масалиевдин айтымында, өкмөттүн түзүмүндө карап чыга турган органдар бар.

“Менин жеке пикиримде айрым мекемелер, тактап айтканда, Коргоо министрлиги жетишпейт. Мамлекеттик каттоо кызматы менен Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин тагдырын караш керек. Бүгүнкү күндө бул мекеме бир гана лицензия бере турган болуп калды. Жалпы өкмөттүн түзүмү боюнча эч нерсе айта албайм. Өкмөткө кандай ыңгайлуу болсо түзүп алып келгиле деп айтканбыз”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Айнуру Алтыбаева, Кенжебек Бокоев, Акылбек Жамангулов жана эксперт Расул Умбеталиевдин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан