Бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөттүк аппараттын жетекчиси, юстиция министри, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин тѳрагасы кызматтарына талапкерлер каралат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев юстиция министри кызматына Марат Жаманкуловдун, өкмөттүк аппарат жетекчилигине Шамилбек Асымбековдун, Ɵнѳр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин тѳрагалыгына Эмил Осмонбетовдун талапкерлигин сунуштаган.
Кечээ, 18-сентябрда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитети аталгандардын талапкерлигин жактырган.