Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков 48 жашка толду. Ал 1970-жылдын 19-сентябрында Талас облусунун Манас районуна караштуу Арал айылында туулган. Жогорку билимдүү. 1992-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин юриспруденция факультетин, 1996-жылы Дипломатиялык академияны (Москва шаары) бүтүргөн. 2008-жылы Массачусетс технологиялык институтунда (АКШ) Слоун башкаруу мектебинде МБА даражасына ээ болгон.
Эмгек жолу:
- Эмгек жолун Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде атташе кызматында иштөө менен баштаган;
- 1996-1997-жылдары - Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин аппаратында консультант, андан кийин бөлүм башчы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүндө, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн аппаратында, Кыргыз Республикасынын премьер-министринин жардамчысы;
- 1998-1999-жылдары - чет өлкөлүк инвестициялар боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары;
- 1999-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин жардамчысы;
- 2000-2001-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин Иш башкаруучусунун биринчи орун басары;
- 2001-2005-жылдары - Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы;
- 2006-2007-жылдары - Малайзияда Кыргыз Республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси;
- 2008-2010-жылдары - Түндүк Америкадагы (АКШ) Евразия университетинин департаментинин директору;
- 2010-2015-жылдары - Жогорку Кеңештин V чакырылыштагы депутаты. "Ата Мекен" саясий партиясынын тизмеси боюнча депутаттыкка шайланган. 2012-жылы "Ата Мекен" фракциясынан чыгып эркин депутат болгон. Парламенттин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин мүчөсү болуп иштеген.
- 2015-жылы октябрь айында өткөн парламенттик шайлоого "Ар-Намыс" партиясынын тизмеси боюнча катышкан, бирок партия жетиштүү добуш топтой албай, парламентке өтпөй калган.