“Ата Мекен” фракциясынан депутат Бахадыр Сулайманов Токон Мамытов премьер-министрдин кеңешчиси жана Кыргызстан элдеринин ассамблеясынын кеңешинин төрагасы болуп иштеп жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Сулейманов өкмөттүк аппараттын жетекчи кызматына талапкер Шамилбек Асымбековдон “Премьер-министрдин кеңешчиси мамлекеттик кызматкер болуп саналабы?” деп сурады.
Асымбеков премьер-министрдин кеңешчиси мамлекеттик кызмат экенин айтып, бирок ал коммерциялык эмес уюмдарда иштегенге боло турганын белгиледи.
Сулейманов: “Мыйзам боюнча эки кызматты бир убакта ээлегенге болбойт. Бул коррупция. Бир гана пара алуу коррупция эмес, мыйзамдын бузулушуна шарт түзгөн дагы коррупция болуп эсептелет”, - деди.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул маселе анын көзөмөлүндө экенин билдирип, буга жакында чекит коюла турганын кошумчалады.
Белгилей кетсек, КСДП фракциясы Токон Мамытовду акыйкатчы кызматына сунушташууда.