Депутат Масалиев Жогорку Соттун судьялыгына талапкердин баласына кылмыш иши козголуп, кыскартылганы боюнча кайра карап чыгуу керектигин айтты

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынан депутат Исхак Масалиев Жогорку Соттун судьялыгына талапкер Жаңыл Мамбеталынын баласына кылмыш иши козголуп, кыскартылганы боюнча кайра карап чыгуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Уулуңузга кылмыш иши козголгон. Жактоочу балаңыздын буйругу менен түзмө-түз 6 миң доллар алдым деп моюнуна койгон. Эмнегедир Башкы прокуратура кылмыш ишин кыскартты. Башкы прокуратура, толук маалыматты карап көрсөңөр. Президент "туура эмес кыскартылган кылмыш ишти кайра карап чыгыш керек" деп айткан. Ошондуктан карап чыккыла", - деди Масалиев.

2013-жылы Жаңыл Мамбеталынын баласы опузалап акча өндүрдү деп айыпталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан