Иса Өмүркулов: "Президенттин "саясий буйрук болбойт" дегенине жаран, саясатчы катары ишенгим келет"

КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов бүгүнкү күндө коомдо сотко нааразычылык, кандайдыр бир терс пикир калыптанып калганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Азыркы бийликтин "саясий буйрук болбойт" деп саясатын баштаганын көрүп жатабыз. Буга жаран, саясатчы катары ишенгим келет. Судьялар, калыс, адилет болуп бирөөнүн убалына калбасаңар. Сот адилеттүү болсо кылмышкер жасаган ишин моюнуна алат. Адилетсиз болсо, нааразычылыктар күчөйт", - деди Өмүркулов.

Учурда Жогорку Соттун судьялыгына Жаңыл Мамбеталынын талапкерлиги каралууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан