"Ата Мекен" фракциясынан депутат Садык Шер-Нияз "Белизгейт" шоусу трагикомедияга айланды деген пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 19-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Белизгейт" чыры башталганда бул шоу деп айттым эле. Бул шоу азыр трагикомедияга айланды. "Карыныма эмес, кадырыма ыйлайм" деген сөз бар. Кээ бир кесиптештер болору болду деп айтып жатышат. Ошол учурда бул окуяны КТРК бир беткей көрсөтүп жатты. Кадыр дегендин баасы таптакыр жок болуп калганбы? Өзүбүздүн кадырыбызды билбей калдыкпы? УКМКга ыраазычылык билдирем, моюнуна алып отурат. Башкы прокуратура баары бир өзүнүн чапанын сакташы керек болуп жатат. УКМК Белизден документ келген эмес деп жатса, башкы прокурор документтин көчүрмөсү келген деп жатат. КТРКнын директору Илим Карыпбеков расмий маалыматты телеберүүгө чыгарабыз деп айтууда. Ошондо парламентте сүйлөгөн "Ата Мекендин" 11 депутатынын сөзү расмий эмес экен да. Журналисттер маалыматты бир беткей бербеши керек", - деди Садык Шер-Нияз.