Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев жооп берди.
Ал мамлекеттик мындай деңгээлдеги тойлорду чектөөнү колдой тургандыгын айтты.
"Ар бир мамлекеттик той-топурду өлкө казынасынан акча коротуп өткөрүүнүн зарылдыгы бар же жок экенин атайын талдап чыгуу керек. Жогорку Кеңеш бюджетти бекитип жатканда бул маселеге токтолуп, “кайсы иш-чарага мамлекеттин эсебинен акча сарпталарын, кайсыга сарпташтын зарылчылыгы жок экенин депутаттар эле чечип коюшу керек. Ал эми той-топурду чектөө боюнча козголгон маселе абдан туура. Анткени тойго сарпталып жаткан акча - элдин акчасы, элден чогулган салык. Аны ыгы жок эле ысырып кыла берген болбойт. Анын ордуна киреше алып келе турган салымдарга колдонуу керек”, - деди Сарыбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.