Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов парламенттин жыйынында 2018-жылы мамлекеттин эсебинен 105 той каржыланганын айтып чыкты. Эл өкүлү бюджеттин тартыштыгында мындай ири чыгашага баруу туура эмес деген пикирде. Буга чейин да Кыргыз өлкөсү инновациялык, экономикалык долбоорлорду ишке ашыргандын ордуна чыгашалуу той-мааракелерди көп өткөрөрү айтылып, сындалып келген. Жакында өкмөт 2019-жылга карата бюджеттин долбоорун парламентке алып келет. Бул ирет да жүздөгөн тойлорду салык төлөөчүлөрдүн эсебинен каржылоо кабыл алынабы же казынаны көбөйтүүгө маани берилеби белгисиз. Буга байланыштуу SUPER.KG порталынын "Бюджеттен каржылап той-маараке өткөрүүнү токтотуу керекпи?" деген соболуна мурунку маданият, маалымат жана туризм министри Түгөлбай Казаков жооп берди.
Экс-министрдин пикиринде, мамлекеттик тойлордон жаштар оң тарбия алышы керек.
“Мамлекеттик деңгээлде өткөрүлө турган Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгы сыяктуу иш-чаралар бар. Бирок бири-бирине атаандашып той-мааракелерди тизмеге киргизе беришкен. Ушунчалык эле той өткөргүлөрү келсе ошол демилгелеген кишилерге, шаарларга уюштурууну байлап коюш керек. Бир адам өмүрүндө бир эле жолу той-мааракесин өткөрсө жетишет го дейм. Мен билгенден 1 жылга белгиленген 105 той-мааракенин баары мамлекеттен каржыланбайт. Республикалык деңгээлдегилер гана бюджеттен акча алышат.
Кыргыз өзү тойду жакшы көрөт экен да. Тойго барып, көрүшпөй жүргөндөр менен амандашат. Муну жашыра албайбыз. Акчасы жок болсо деле тойлорго сөзсүз барышат. Мамлекеттик тойлордон бир маани калышы керек. Ар бир мааракенин жаштарга оң тарбиясы, таасири болушу шарт. Кубат бий, Алымбек датка, Жусуп Абдрахманов сыяктуу мамлекетти түптөйм деп жүрүп каза болгондордун мааракелерин белгилеп, жаштарга өрнөк көрсөтсөк туура болот. Бирок бийликти мактап жүрүп, сыйлык алган кишилер 2-3 жылда эле мааракесин өткөрө бербеши керек да”, - деди Казаков.
Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жамангулов, экономика илимдеринин доктору Айылчы Сарыбаев, жарандык активист Акбалык Жумалиева, экономика маселелери боюнча эксперт Эмил Үмөталиев, коомдук ишмер Нуржигит Кадырбековдун пикири бул шилтемеде.