"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев мектептер, ооруканалар сертификаты бар заводдордон сүт албай, сертификаты жоктордон алып жатышканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
"Ош, Жалал-Абад облусунда жайгашкан мекемелердин иши менен таанышып чыктым. Ош шаарында эки сүт заводуна бардым, план боюнча заводдо 30 адамдан кем эмес адамга жумуш орун түзүлүшү керек. Тилекке каршы, завод толук кандуу иштей албай жатат. Ал жерде сүттү сатуу көйгөйлүү маселе экен. Оорукана, мектептер сертификаты бар, стандарттан өткөн заводдон сүттү албай жатышат. Алар сертификаты жоктордукун алууда. Бул жерде мамлекеттик мекемелердин патриоттук сезими кайда деген суроо туулат", - деди ал.