Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Кыргызстандын аймагында 420 өзгөчө кырдаалдагы кырсык катталганын жана 30 жаран каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Аталган ведомство белгилегендей, ӨКМнын куткаруучулары түрдүү кырсыктардан 407 адамды куткарып калышкан. Ал эми акыркы 10 айдагы материалдык чыгымдын суммасы 920 миллион сомду түзөт.