Талас шаарынын мэри: "Шаардык кеңеш мени жумуштан мыйзамсыз кетирүүгө аракет кылып жатат"

Талас шаарынын мэри Айдар Жусупбеков шаардык кеңештин депутаттары тарабынан аны кетирүү аракети болуп жатканын SUPER.KG'ге 20-сентябрда кабарлады. Бирок ага эмне негиз бар экенин айтпай жатышканын белгиледи.

"Шаардык кеңеш мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтүп, аны кызматтан кетирүүгө аракет кылган болсо, мыйзам боюнча жыйынга чогулуп, үчтөн эки бөлүгү колдошу керек. Ага чейин себебин комитетке кат менен кайрылып маалымдашы зарыл. Ошол каттагы талаптын негизинде комитет сунушту шаардык кеңештин төрагасына алып кирип, төрага жалпы добушка коёт. 31 депутаттын 21и мэрге ишенбөөчүлүк көрсөтсө, мэр жумуштан кетет. Бирок депутаттар бир нече жолу чогулушканы менен кворум жок болуп калып жатты. Өткөн жума да кезексиз жыйын чакырышкан. Тилекке каршы, дагы кворум жок болуп калды. Эми ачыгын айтканда мэрдин кызмат орду керек болуп жатат окшойт, аны айтпай жатышат. Мен деле башка шаар башчылары менен сүйлөшүп турам. Депутаттар амбициясы менен талаптарды коюшат, аткара албай калсаң нааразы болушат", - деди Жусупбеков.

Бирок ал депутаттардын мыйзамсыз жол менен кетирүү аракетине нааразы экенин кошумчалады.

"Менин нааразы болуп жатканымдын себеби мыйзам бузуу жолу менен мени кетирүү аракеттерин көрүп жатышат. Мен деле "жыйынга чогулуп, мыйзам чегинде иш кылгыла" деп сунуштап жатам. Бирок кээ бири таарынып жатышат. Эмнеге таарынып жатканы да белгисиз. Шаардык кеңеште мени колдогон депутаттар да бар. Алар дагы ынтымакка чакыруу аракетин көрүп жатышат", - деди Жусупбеков.

Мэр болуп келгенден бери бир топ алгылыктуу иштер аткарылып жатканын кошумчалады.

Айдар Жусупбеков Талас шаарынын мэри болуп 2017-жылдын март айында жалпы 31 депутаттын 25инин колдоосу менен келген. Ага чейин шаардык кеңешке 3 ирет депутат болуп шайланса, 2 ирет ага төрага болуп иштеген.

Талас шаардык кеңешинде КСДП (10 депутат), "Республика-Ата Журт" (10 депутат), "Кыргызстан" (5 депутат), "Ай-Көл" (3 депутат) жана "Мекеним Кыргызстан" (3 депутат) фракциясы бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан