Сооронбай Жээнбековдун президенттик кызматка киришкенине 10 ай, ал эми Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү жетектей баштаганына 5 ай болду. Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн экономикалык абалы акыркы убактарда начарлап кеткенин айтып, өкмөттү сынга алышкан. Буга байланыштуу SUPER.KG порталы "Өлкөбүздүн учурдагы экономикалык абалына кандай баа берүүгө болот?" деп собол салды.
Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин пикиринде, бажыга тийиштүү көмүскө экономиканы жок кылуу зарыл.
“Экономиканын көрсөткүчү өкмөттүн иштеген баасы болуп эсептелет. Биринчи кезекте курулуш боюнча инвесторлорду тартып, өнөр жай продукцияларын өндүрүүнү жогорулатуу керек. Ошондой эле чакан ишкерликке тиешелүү шарттар түзүлүшү зарыл. Бажы тармагы бюджеттин бир бөлүгү болгондуктан, ал жактагы көмүскө экономиканы жок кылуу шарт. Коомчулукта айтылып жаткандай бажы тармагында бир топ көйгөйлөр бар. Аткезчиликти, коррупциялык схемаларды жоюу керек. Ошондо экономиканын көрсөткүчү жогорулайт”, - деди Маматалиев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Дастан Бекешев, Акылбек Жапаров, өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономист Кубан Чороев жана эксперт Азамат Аттокуровдун пикири бул шилтемеде.