Samsung Galaxy A7'ге (2018) - мүнөздөмө
Аталган смартфондун негизги камерасы 3 бөлүктөн турат. Үчөөнүн ичинен негизги бөлүгү өзүнө диафрагмасы F/1,7 болгон объективди жана 24 мегапикселдүү камераны камтыйт. Ага көмөкчү болгон дагы 1 камеранын диафрагмасы F/2,2, ошондой эле 5 мегапиксель.
Ал эми үчүнчү бөлүктөгү камеранын диафрагмасы F/2,4, камерасы 8 мегапиксель. Аталган модуль сүрөткө көп нерсени камтып тартканга мүмкүнчүлүк берет. Смартфондун өзгөчөлүгү - 3 камерасы биргеликте объективине чоң аянтты тарта алгандыгында. Мындан тышкары Galaxy A7 менен сүрөткө тартып жатканда ал жердин 2 капталы кошо объективге алынат.
Ал эми маңдайдагы камерасы 24 мегапикселдүү жана түнкүсүн жарык берип күйөт.
Galaxy A7 смартфонунун экранынын узундугу 15 сантиметрге жакын. Процессору 8 ядерлик. Оперативдүү эс тутуму 4,6 гигабайт. Флеш-карталык эс тутуму 64,128 гигабайт. Аталган смарфон кара, көк, күлгүн жана алтын түстө сатыкка чыгат. Баасы 400 доллардан башталат.