УКМКнын мурдагы жетекчиси Абдил Сегизбаевди кылмыш жоопкерчилигине тартуу талап кылынууда

"Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек". Бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда өткөн маалымат жыйында ички иштер министринин мурунку орун басары Өмүрбек Эгембердиев билдирди.

"Биздин кадырлуу аксакалыбыз Дастан Сарыгулов жана башка соттолгондор болбогон фактылар жана ойлоп табылган беренелер менен айыпталган. Аталган иштер боюнча акыркы жылы мен көптөгөн депутаттар, чиновниктер менен жолуктум. Алардын баары "бул буюртма болгон" деди. Абдил Сегизбаев саясий буюртмаларды аткарууда өзүнүн кызмат абалынан пайдаланган. Эми Башкы прокуратура аталган берене боюнча кылмыш ишин козгошу керек", - деди Эгембердиев.

Анын айтымында, мамлекеттик төңкөрүш жасоодо айыпталып, соттолгон саясатчы жана коомдук ишмерлердин иши да чындыкка дал келбейт.

2016-жылдын март айында "Элдик парламенттин" бир канча мүчөсү кармалып, аларга карата кылмыш иши ачылган. Дастан Сарыгулов, Эрнест Карыбеков, Бектур Асанов жана Кубанычбек Кадыров "бийликти басып алууну пландоо" деген айып менен камакка алынган.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан