ТЕСТ: "Жалкоого эшик - арт" деген макалдын чечмеленишин билесизби? Кыргыз тилден кыйналбайм десеңиз тесттен өтүңүз
Жыргагандын баары эле турмуш эмес,
“Жылт” эткендин баары эле жылдыз эмес.
Билебиз деп төштөрүн каккан менен,
Билбегендер өз тилин кыргыз эмес.
23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнү. Кыргыз тили – Кыргыз Республикасынын негизги калкынын, кыргыз улутунун тили. Эне тилди сүйүү ар бир атуулдун адамдык парзы, тагыраагы, эне тил – адамдын кан-жаны менен кошо бүткөн, боор эти менен тең, эч нерсеге алмаштыргыс ыйык дөөлөтү, сыймыгы. Кыргыз тилинде мыкты билем десеңиз, өзүңүздү тесттен сынап көрүңүз.