КСДП 25 жашка толду. Партия төрагасы Алмазбек Атамбаев кыргыз элине кайрылуу жасады

КСДПнын төрагасы Алмазбек Атамбаев партиянын 25 жашка толушу менен куттуктап кыргыз элине кайрылуу жасады.

Кайрылуу толугу менен:

"Урматтуу мекендештер! Кымбаттуу партиялаштар!

25 жыл мурда, 1993-жылдын 25-сентябрында Бишкекте биздин партиянын биринчи курултайы болуп өткөн. Так бүгүн "Кыргызстан социал-демократиялык партиясы" 25 жашка толуп отурат. Баарыңыздарды бул маанилүү окуя менен куттуктайм жана чын ден соолук, узун өмүр, бакыт-таалай каалайм!

КСДПнын тагдыры Кыргыз Республикасынын тарыхы менен тыгыз байланыштуу. Биз элдин кызыкчылыгын коргоо менен адамдардын жыргалчылыгы үчүн иштегенбиз, эркиндик жана адилеттүүлүк үчүн күрөшкөнбүз. Бул үчүн үй-бүлөлүк – кландык режимдер башкарган жылдары биздин партиялаштарыбыз ырайымсыз куугунтукка алынган, жумуштарынан айдалып, кордук көргөн. Далайы сабалып, бир топ партиялаштарыбыз курман болгон. Бирок зөөкүрлөр бизди коркутуп, сындыра алган жок! Буга 2005 жана 2010-жылдарда болгон эки элдик революция далил.

Акыркы 8 жыл ичинде КСДП биздин коомдогу алдыңкы ролду ойноп келди. Бизде дагы эле көйгөйлөр арбын, бирок сыймыктана турган иштерибиз андан да көп. Кыргыз мамлекетинин элинин эмгекчилдигинин жана сабырдуулугунун аркасы менен, Кыргыз өлкөсү мамлекет катары калыптанды жана кедей өлкө деп эсептелбей калды. Энергетикалык көз карандысыздык камсыздалды. Бүгүн биз транспорттук көз карандысыздыкка да жетишүү алдында турабыз, унаа жолдорунун болуп көрбөгөндөй санын кайрадан жаңылап курдук жана реконструкциялап чыктык. Кыргыз мамлекетинде эң зарыл нерселер менен камсыздалган, согушка жөндөмдүү армия пайда болду. Кыргыз өлкөсү өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада коргоого үйрөндү. Бүгүн Кыргыз мамлекетин эч ким мамлекет болбой калды деп айта албайт.

Тарых КСДПнын алдына далай ирет эң кыйын тандоолорду койгон. Биз дайыма туура чечимдерди таап келгенбиз. Бирок ага карабай тазалануунун жана жаңылануунун учурдагы этабы өзгөчө оор болуп жатат. Анткени бүгүнкү күндө биздин партиянын аркасы менен кызмат жана депутаттык мандат алгандар, партия тарабынан бийик мамлекеттик кызматтарга көрсөтүлгөндөр биздин партиябызга кол салып, КСДПны бөлгөнгө, жаманатты кылганга бүт аракеттерин жумшап жатат!

Ошондуктан биз бүгүн партиянын ишин тереӊ талдап, жетишкендиктерди ойдон сыдырып, кетирген катачылыктардан жыйынтык чыгарышыбыз керек. Тескерисинче, ушул оор шарттарды пайдаланып биз “уйгактардан”, мансапкорлордон, саткындардан тазаланып алышыбыз керек!

Партиянын келечеги карапайым таза адамдарда, жаӊы муунда, жаштарда!

Партиянын күчү – элибиздин ишениминде, чындыкта, акыйкаттыкта!

КСДП 25 жашта! Партиянын даңктуу тарыхы уланууда! Алдыда биз жасай турган иштер арбын! Кыргыз көчү жолун улантат!

Жашасын эгемендүү Кыргызстан!

Жараткан элибизге биримдик, жерибизге береке берсин!"

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан