Каржы министрлиги: "Өлкөнүн карызы 4,4 миллиард доллар болсо, анын 1,5 миллиарды "Энергетикалык холдингге" тиешелүү. Өкмөт аны төлөбөйт"

Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик карызы 4,4 миллиард долларды түзөт. Анын ичинен 1,5 миллиард доллары же 102 миллиард сому "Улуттук энергетикалык холдингге" тиешелүү. Бул тууралуу бүгүн, 25-сентябрда Жогорку Кеңештеги Отун-энергетика комплекси боюнча комитетинин жыйынында аталган холдингдин директорунун орун басары Нурлан Сыдыков билдирди.

Анын айтымында, энергетикалык тармакка тиешелүү карыздар тарифтердин эсебинен төлөнөт.

Каржы министринин орун басары Улукбек Кармышаков холдингге тиешелүү карызды мамлекет төлөбөй турганын айтты.

"Энергетика тармагын жаңылоо үчүн насыя алууда "Улуттук энергохолдингге" өкмөт кепилдик болуп бергени үчүн ал мамлекеттик карыз катары санала берет. Бирок аны өкмөт төлөбөйт, "Улуттук энергохолдинг" өзү төлөйт", - деди Кармышаков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан