Акыйкатчылыкка талапкерлердин бири шайлоого катышуудан баш тартты. Төртөө калды

Маматурайим Момунов Кыргыз мамлекетинин акыйкатчылыгына талапкерлигин алып салды. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин жыйынында талапкерлерге сөз берилген учурда айтты.

“Урматтуу төрага, урматтуу депутаттар, мен бул жерге чыгардан мурун өзүбүздүн мүмкүнчүлүктөр тууралуу көпкө ойлондум. Биздин арабызда Токон Мамытов сыяктуу тажрыйбалуу адамдардын эмгектерин көрүп, өзүмдүн талапкерлигимди алып коюуну чечтим. Мени колдогон депутаттарга ыраазычылыгымды билдирем”, - деди Момунов.

Айта кетсек, Маматурайим Момуновду "Бир Бол” фракциясы талапкер катары көрсөткөн. Учурда акыйкатчылыкка ат салышкан 4 талапкер калды. Алар: КСДП фракциясы сунуштаган Токон Мамытов, "Бир Бол" сунуштаган Рита Карасартова, Рыскул Бактыбаев жана "Ата Мекен" сунуштаган Канатбек Азиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан