“Мен бардык талапкерлерге ийгилик каалайм, ошентсе да талапкерлердин бири Канатбек Азизге суроом бар. Айтсаңыз, сиз "Ата Мекен" партиясына мүчөсүзбү?” - деп бүгүн, 26-сентябрда Жогорку Кеңеште депутат Дастан Бекешев сурады.
Канатбек Азиз аталган партияда 2011-жылдан бери мүчө эместигин айтты. Ошондой эле ал программасы менен тааныштырып жатып, Акыйкатчы институту 2000-жылы парламент тарабынан түзүлсө да, бүгүнкү күнгө чейин өз милдетин толук аткара албай жатканын айтты.