"Кыргыз темир жолуна” карата кылмыш иши көз көрүнөө негизсиз болуп бара жатабы?

Кыргызстандын маалыматтык талаасында бир нече айдан бери буга чейин эки поезд коштоочу билдирген "Кыргыз Темир жолу" улуттук компаниясы мамлекеттик ишканасындагы коррупциялык иштер деген сыяктуу маалыматтар талкууланып келет.

Кеп башынан түшүндүрө кетсек, Кыргыз транспорт прокуратурасы "Кыргыз темир жолу" ишканасынын кызматкерлерине каршы мамлекеттик ишкананын айрым кызматтык жоболорунан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш ишин козгогон.

Буга темир жолдо иштеген Алия Асанбаеванын айткандары себеп болгон, ал “поезд башчылары билети жок жүргүнчүлөрдү мыйзамсыз ташыйт” деп маалымдаган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Коррупцияга каршы кызматы жана прокуратуранын берген маалыматына караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан 30-апрелине чейинки аралыкта Бишкек-Москва-Бишкек, Бишкек-Новокузнецк-Бишкек жана Бишкек-Казань-Бишкек багытындагы алыскы каттамдарда 67 жүргүнчү рейс ишке ашырылган, бирок бардыгы болуп 4 868 жүргүнчү билети сатылган, ал эми билети жок жүргүнчүлөрдүн саны 2 874 адамды түзгөн.

Мамлекеттик ишкананын кызматкерлерин “мамлекетке ири өлчөмдөгү зыян келтирди” деп айыпташкан.

Бирок кылмыш ишинин материалдарынан улам жүргүнчүлөрдүн эсебинде укук коргоочулар эске албаган өзүнүн нюанстары бар экенин белгилеп кетүү кажет.

Транспорт прокуратурасы чек арадан кесип өткөн адамдардын эсебин гана санаган, бирок рейстерди тейлеген кызматкерлердин эсеби алынган эмес.

Мындай жол менен поезд башчылары, машинисттер, электриктер, механиктер жана мамлекеттик ишкананын башка кызматкерлери дагы билети жоктордун катарында эсептелип калган, албетте, алардын поезд үчүн жол акысын төлөбөстүгү айтпаса да түшүнүктүү.

Анан калса эл аралык рейстер гана эмес, ички рейстер да эсепке алынган.

Бул “коёндорду” эсептеп чыгууда төмөнкү формула колдонулду деген маанини түшүндүрөт:

Поезддеги жүргүнчүлөрдүн жалпы эсеби - мамлекеттик чек араны кесип өткөн жүргүнчүлөрдүн эсеби - билети жоктордун эсеби.

Мындай болгон учурда билети бар жүргүнчүлөрдүн эсебинде жергиликтүү составдардын кондукторлору “билет саткан” учурлар да эске алынган эмес. Эсепке алынган жүргүнчүлөрдүн арасында 7 жашка чейинки балдар да бар, алар такыр эле билет сатып албашы керек.

Поезд коштоочу Алия Асанбаева жана анын кесиптеши Рахат Акматова мамлекеттик ишканадагы коррупция тууралуу кайрадан айтып чыгышкан кезде коомчулукта дагы бир чуу жаралды.

Бул ирет экөө "Кыргыз темир жолу" Улуттук компаниясынын жетекчилигин 2013-жылы эле 6 тепловоз сатып алыш үчүн алынган насыяны кызматкерлерге төлөтүп жатат деп күнөөлөп чыгышты.

Бирок расмий маалыматтар боюнча мамлекеттик ишканадагы кызматкерлердин орточо айдагы эсеби 5 372 адамды түзгөн болсо, жетекчилик 28 миллион долларды төлөтүш үчүн (6 тепловоздун баасы ушунча турат-редакциядан эскертүү) үч жыл бою кызматкерлердин айлык акысынан ай сайын 170 доллардан кармап калып турган болобу.

Бул жерден үлкөн суроо жаралат: андай болсо "КТЖнын" көп миңдеген жамааты беш жыл бою унчукпай отуруп жана эмне болуп бул тууралуу азыр айтып чыгышты?

"Кыргыз темир жолу" ишканасынын профсоюзу

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан