Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынан депутат Евгения Строкова мурдагы чиновниктерге козголгон кылмыш иштерин аягына чейин чыгарууну талап кылды.
"Дары-дармек менен камсыздоо департаменти башчы кызматынан бошотулган Рустам Курманов жана анын адамдарына 12 кылмыш иши козголгон. Ал аталган мекемедеги баш аламандыктын атасы. Азиз Батукаевди бошоткон Эмил Макинбетов, Динара Сагынбаева эч нерсе болбогондой иштеп жүрүшөт. Макинбетов балдарды майып кылууну улантууда. Бул жерде кеп Батукаевде эмес, аны бошоткондордо. Онкология борборунун директору боло албай, бирок башкы дарыгер болгон Султангазиева аялдарды дагы деле майып кылып жатат. Ага 2 жана андан көп кылмыш иши козголгон. Аскарбек Шадиевге да кылмыш иши козголгон, бирок ал чет өлкөдө жүрөт. Мындай акчалуулардын жана бийликтен ажырагандардын чет өлкөдө жүргөнү коркунучтуу. Аларга сөзсүз тилектештер табылат. Кылмыш иши козголгондон кийин аягына чейин чыгарыш керек", - деди Строкова.
SUPER.KG порталы депутаттын сөзүндө аты аталган адамдардын пикирин угууга даяр.