Саясат таануучу Орозбек Молдалиев: "Депутаттар жеке кызыкчылыктарына байланыштуу бийликке көз каранды болууда"

Жазында "Жогорку Кеңеш ачуу сындарды айтып, чуулгандуу иштердин ачылышына салымын кошуп жатат" деген пикирлер коомчулукта көп айтылган. Азыркы учурда коомчулук парламентти "өз пикири, позициясы жок, кылчактама" деп сындап жатат. SUPER.KG порталынын "Парламентте эмне өзгөрдү?" деген соболуна саясат таануучу Орозбек Молдалиев жооп берди.

Молдалиев белгилегендей, коомдо депутаттар тууралуу көп сындар айтылып келет.

"Негизи бүгүнкү күндө элитанын абалы төмөн. Эртең Жогорку Кеңешти таркатып, кайра шайлоо уюштурсак, ушундай эле адамдар келет. Негизи СССР кулагандан кийин жан талашып байыгандар, билими төмөн, чала окуп, эптеп диплом алгандар Жогорку Кеңешке депутат болуп келип жатышат. Мунун натыйжасы элитабыздын начар, позициясы жок экенин көрсөтүүдө. Бул бизге эле тиешелүү эмес, бизден алдыда турган Орусия, Казакстан, Өзбекстан өңдүү коңшу өлкөлөрдө деле ушундай абал. Коомдун деңгээли кандай болсо, элита да ошондой болот. Жогорку Кеңештин ишмердигине тиешелүү акыркы окуяларды айтсак болот. "Бишкек ЖЭБиндеги авариядан кийин депутаттардын табияты өзгөрүп кетти" дегенге кошулбайм. Акыйкатчыны шайлоодогу көрүнүштү айта турган болсок, эл өкүлдөрүнүн басымдуу бөлүгү көз карандысыз укук коргоочуларга караганда Токон Мамытовдун талапкерлигин ылайык деп табышты. Анткени Жогорку Кеңештеги көптөгөн депутаттар Токон Мамытов менен чогуу иштеп келишкен. Ошон үчүн аны менен мындан ары да иштешүү оңой. Ал эми Рита Карасартова жана Канатбек Азиз - сырттагы адамдар. Биздин бийлик журналисттерди, жарандык активисттерди, көз карандысыз укук коргоочуларды жактыра бербейт.

Депутаттардын ичинен жаңы салынып жаткан жолго экс-президенттин атын берели дегендер да болгон. Мыйзам боюнча, адам каза болгондон кийин 5 жылдан соң анын аты бир жолго жана нерселерге ыйгарылат. Эл өкүлдөрү өздөрү мыйзамды окушпайт. Депутаттардын бийликке кылчактагандыгынын көп себептери бар. Негизгиси - жеке маселелерге байланыштуу. Ошон үчүн бизде орто катмар өнүкмөйүнчө демократия болбойт", - деди Молдалиев.

Жогорку Кеңештин депутаты Жыргалбек Турускулов, экс-депутат Ыргал Кадыралиева, саясий серепчилер Марс Сариев, "Мекен ынтымагы" партиясынын лидери Темирбек Асанбеков, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан