Казакстанда дүйнөдөгү эң узун шишкебек жасалды

Казакстанда дүйнөдөгү эң узун шишкебек жасалды. Бул тууралуу бүгүн, 30-сентябрда жергиликтүү маалымат басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, шишкебек Казакстандын Буланды районундагы Макинскте канаттуулар фабрикасынын ачылыш аземинде жасалган. Шишкебектин узундугу 223 метрди 65 сантиметрди түзүп, аны 222 кызматкер жасаган.

"Шишкебекке 420 килограмм атайын даярдалган тооктун төш этинен жасалды. Жетишкендик расмий түрдө "Гиннесстин рекорддор китебине" Лондондон келген өкүлдөр тарабынан катталды", - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин дүйнөдөгү эң узун шишкебек деп 2007-жылы Сингапур шаарында жасалган шишкебек табылган. Ал шишкебектин узундугу 140 метрди түзгөнү маалым.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
33SUUN
2018-09-30 12:27:30
Биздикилер чучукту ушандай бирдей ашпозчунун формасын кийип жасашканда ал дагы гиннесстин рекордторуна кирмек. Кастюм шым, спортивный кийинип алышып аралашпаш керек эле биздин поварлар.
+14
aza84
2018-09-30 13:50:19
Биздики деле кирген
+2
baisogur
2018-09-30 15:18:00
Гинеске кирсе айына акча толоп турушабы ким билет кызык болуп атат
+4
mariolan
2018-09-30 21:55:52
Emne kylaly,ılımıy achylysh jasay albaıt ekenbız, jok degende chuchuk, shashlygyzyz menen menen maktanyp turaly
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан