Экономика жаатында "Нобель" сыйлыгына ээ болгондор белгилүү болду. Бул тууралуу "Нобель" комитетинин расмий сайтында жарыяланды.
Маалыматта жазылгандай, экономика жаатында "Нобель" сыйлыгына америкалык экономисттер Пол Ромер жана Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсү менен технологиялык инновациялардын интеграциясына жасаган макроэкономикалык анализи үчүн ээ болушкан.
"Пол Ромер технологиялык инновациялардын узак мөөнөттүк анализин жасаса, Уильям Нордхаус климаттын өзгөрүүсүн иликтеген. Экөө тең узак мөөнөттүк жана туруктуу экономикалык өнүгүүнү иликтеп, замандын олуттуу маселелерине жооп табуунун үстүндө талбай эмгектенип келишет", - деп жазылат маалыматта.
Технологиялык инновация менен климаттын өзгөрүүсүнүн себептерин жана кесепеттерин түшүнүүдө Ромер жана Нордхаус дүйнөлүк илимге зор салым кошту деп таанылгандыгы кошумчалат маалыматта.