
Британиялык миллиардер "Virgin Galactic" компаниясынын ээси
Ричард Брэнсон космоско алгачкы туристтер качан учарын айтты. Бул тууралуу британиялык басылмалар жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Брэнсон өзү дагы космоско учкан алгачкы туристтер тобунун катарында болот.
"Биринчи туристтик топ жакынкы жумаларда учат. Алардын катарында мен да болом. Биринчи топтун саякаты ийгиликтүү болсо, биз космосттук туризм менен алектенебиз", - деп билдирген Брэнсон.
Ишкердин айтымында, космоско саякаттаганды каалагандар 250 миң долларга билет сатып ала алышат. Келечекте бул тармак өнүккөндөн кийин билет баалары 40-50 миң долларга чейин арзандайт.
Айта кетсек, 2018-жылдын май айында "Virgin Galactic" компаниясынын "SpaceShipTwo" суборбиталык кемеси сыноодон ийгиликтүү өткөн.