Экономист Улан Адамалиев: "ЕАЭБдин курамына киргенден кийин биздин ишкерлер чыгымга учурашты"

Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна кономист Улан Адамалиевдин пикири төмөндөгүдөй болду.

Адамалиевдин пикиринде, ЕАЭБдин пайдасын Кыргыз өлкөсү көрө элек.

"Чынын айтканда азырынча пайда, зыяны тууралуу анализди түзмө-түз айтууга эрте. Так айтыш үчүн 10-15 жылдай убакыт керек. Бирок азыркы күндө зыянынан пайдасы көп болуп жатат. Мисалы, бизде экспорт азайды, импорт көбөйдү, мурда экспорт менен импорттун айырмасы 3 эсе болсо, азыр 5 эсе болуп калды. Бул экономика үчүн терс таасирин берет.

Бажы союзуна кирерде өкмөт өкүлдөрү “бизнестеги жоготууларды компенсация кылып беребиз” деп, бирок аткарышкан жок. Биздин ишкерлер чыгымга учурашты, чакан жана орто ишкерлер Орусиянын чоң ишкерлери менен атаандаштык түзө албай калды.

ЕАЭБдин пайдасын көрө элекпиз, анткени союзга кирсек күйүүчү-майлоочу каражаттар кымбаттабайт деген. Тилекке каршы, учурда кымбаттап жатат. Чек аралар ачылат, биздин дыйкандар өндүргөн товарын сыртка экспорт кыла алат деген, бирок чек аралар ачылган жок. Чек ара бир тараптуу ачылды, бизге сырттан келип жатат биздин дыйкандар сыртка чыгара албай калды", - деди Адамалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Максат Сабиров, Дастан Бекешов өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономист Кубан Чороев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан