Кыргыз мамлекети Евразиялык экономикалык биримдигине 2015-жылы кирген. Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында вице-премьер-министр Жеңиш Разаков акыркы 8 ай аралыгында Кыргыз өлкөсү ЕАЭБге мүчө өлкөлөр менен болгон соода-сатыктын көлөмү 3,1 пайызга азайганын айтты. Аталган биримдикке мүчө мамлекеттер менен болгон соода-сатык алакасындагы тоскоолдуктарды жоюу маселеси жабык эшик артында каралды. Депутаттар Кыргыз өлкөсүнүн айрым талаштуу позициясы биримдикке мүчө өлкөлөргө ачыкталып кетпеши үчүн жыйын жабык өткөнүн айтышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз мамлекети ЕАЭБдин курамына кирип, эмне тапты?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров жооп берди.
Сабиров Кыргыз өлкөсү Евразиялык экономикалык биримдигине киргенден бери көп нерсе оң жакка кетип жатат деген ойдо.
"Мурда бизде газ өчүп турчу, "Газпром" келип азыр бул маселе жоюлду. Бизге Кыргыз-Орусия өнүктүрүү фонду келди, анын аркасы менен 100дөн ашык долбоор ишке аша баштады. Бизде курулуп жаткан 20дан ашык заводдор бар, эртең ал жерде иш орундары түзүлөт, буга убакыт керек. Ушул нерселерди биз карап турушубуз зарыл. Бирок бул маселе тез иштеши керек эле. Лабораториялар 2 жыл ичинде курулуп бүтүшү керек болчу, бирок дагы эле бүтө элек. Өкмөттүн кайра-кайра алмашкандыгынан же саясий чечимдердин айынан ушундай кармалуулар болуп турат. ЕАЭБдин ичинде ич ара маселелер бар, анын баарын сүйлөшүү жолу менен чечишибиз керек. Жалпы ЕАЭБдин алкагында мамлекеттердин экономикасы бара-бара оңолот деп ойлойм. Келишимдердин баары аткарылышы үчүн бир нерсени садага чабыш керек. Мисалы, ЕАЭБге кирбеген мамлекеттердин инвесторлорунун көбү кача баштады. Анткени ЕАЭБдин алкагында мамлекеттер бири-бирине инвестиция кылып жатышат, үчүнчү өлкөлөр бул жакка келгенде аларга чоң салык салынууда. Мындан улам унааларды ташууда кыйынчылыктарга кабылып калдык", - деди Сабиров.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешов өкмөттүн Евразия экономикалык биримдигиндеги иштер боюнча атайын өкүлү Алмаз Сазбаков, экономисттер Улан Адамалиев, Кубан Чороев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.