Өкмөткө "Кумтөрдүн" инвесторун алмаштыруу үчүн барууга болбойт. Мындай тобокелчиликтен кендин иши толук бойдон токтоп калуу коркунучу бар. Бул тууралуу маалымат агенттиктеринин бирине Кыргыз Республикасынын Тоо-кен, өнөр жай ассоциация башкармалыгынын төрагасы Орозбек Дүйшеев билдирди.
Анын айтымында, кенди сатып алуучу компаниялардын артында эмне тургандыгын эч ким билбейт.
"Центерра" менен өлкө узак убакыттан бери иштешип келе жатат. Муну менен катар технологиялык жактан жана экологиялык коопсуздук боюнча дагы чет өлкөлүк кен иштетүүчү жаңы ишкерлер “Кумтөрдүн” адистеринен кыйла эле артта. Мисалы, ошол эле майда кендерди иштетип жаткан кытайлык бизнесмендердин ишин экологиялык талаптарды сактабагандыктары үчүн токтотуп коюу оңой. Бүгүнкү күндө “Кумтөр” Кыргыз өлкөсүндөгү кен иштетүү тармагынын эң негизгиси болуп калды. Ал эми эмгек өндүрүмдүүлүгү боюнча мурдагыдай эле Орто Азияда 1-орунду ээлейт. Эгер алардын жергиликтүү калкка карата мамилеси боюнча тажрыйбасын алып карасак, ачык эле биз алардан сабак алышыбыз керек деп айта алам. Карагылачы, алар Ысык-Көлдүн калкына кандай зарыл иштерди жасап жатат! Ушул абалды эске алып деле, алардын ишмердүүлүгүн токтотпоо керек" деп белгилейт Дүйшеев.
Геологиялык чалгынга жана кен чыккан башка жерге которуу маселесине келсек, мындай альтернативаны геолог-адистер өкмөткө бир нече ирет айтып келишкен деди тоо инженери.
"2011-2012-жылдары бийлик менен кандидаттык инвестордун ортосунда конфликт жаралган кезинде инвесторду башка компанияга алмаштырууга болбой тургандыгын системалык түрдө далилдегенбиз. Инвестор азыр дагы туруктуу иштеп жатат, биз мындан сабак алышыбыз керек. 2018-жылдын 24-апрелинде биздин Ассоциациянын адистери “Кумтөрдөгү” иштин абалы тууралуу отчётту укту. Мындан соң өздөрү мониторинг жүргүзүү үчүн кендин өзүнө барды. Ошол себептен “Кумтөрдүн” ишин токтотуу экономикалык, экологиялык жана саясий мотивдер боюнча дагы өтө ыксыз деп так кесе айта алам. Кен дагы, инвестор дагы эки тарапка тең пайдалуу боло тургандай иштөөсү үчүн тийиштүү ыкмаларды издөө керек. Бул тыянактарды жана сунуштарды биз өкмөткө июль айында эле жөнөткөнбүз. Бирок дале жооп ала элекпиз" деди Дүйшеев.
Тоо-кен, өнөр жай ассоциациясынын төрагасы учурда өлкөнүн кен иштетүү тармагы терең кризисте экенин белгилеп өттү.
"Анткени биринчи кезекте бийлик адистердин пикирин укпай жатат. Буга кошумча дале мындан кийинкиге ресурс камдоо боюнча маселе чечиле элек. Мунун себеби - беш жыл мурунку келишимде бийлик тарабынан кетирилген чоң катачылык. Тактап айтканда, Мамлекеттик көзөмөл комитети менен министрлер кабинетинин “Кумтөр” геологиялык чалгынга кирешесинин 4 пайызын бөлөт деген макулдашуусу болгон. 2010-жылдан тартып алар ушул максатта 12-13 миллион доллардан бөлө баштаган. 3 жыл бою алар макулдашууда белгиленген сумманы кетирип жатышты. Анан ошол кездеги премьер-министр Бабанов Мамлекеттик көзөмөл комитетинен аянтты чалгынга алууга бөлүнгөн чыгымды алып койду. Инвестор муну мындан ары иштешүүдөн баш тартуу катары баалады. Ошондуктан алар мурда бекитилген запас үчүн гана иштеп башташты" деди Дүйшеев.
Геологиялык чалгындын учурдагы абалына келсек, мен билгенден “Кумтөр” азыркы учурда чалгынды баштаган.
"Азыр 2 бригада түзүлүп, казуу башталган. “Центерра” геологиялык чалгындын 2 жылдык программасына 18 миллион доллар бөлгөн. Эгерде ушул багытта биздин бийлик аларды колдосо, “Кумтөр” ресурстарды камдап, узакка чейин иштөөсү толук мүмкүн", - деп жыйынтыктайт сөзүн Дүйшеев.