КҮНСЕРЕП: Жаш кадр Самара Каримова жаш министрден колдоо таппады...

Бүгүн, 2-ноябрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун ишине шек түштү. Парламент депутаты Гүлшат Асылбаева Абдыгуловго 5,5 миллион сом турак жай ссудасы берилип, анын 4,8 миллиону кийин эсептен чыгарылып калганын айтып чыкты. Депутат бул аракет канчалык мыйзамдуу болгонун Башкы прокуратура текшериши керек дейт. Эсептөө палатасы Абдыгуловго берилген акчаны кечип жиберүүдө мыйзам бузуу жок деп билдирүү жасады. Депутаттын айтканы чын экенин Улуттук банк тастыктап, бирок бул иште мыйзамсыз аракет жок деп жатат. Маалыматка таянсак, 5,5 миллион сом Абдыгуловго "өлкө экономикасын жана банк системин өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн" деп берилген. 2017-жылы Абдыгулов вице-премьер кызматына дайындалганда Улуттук банктын башкармалыгы ага берилген ссуданын 4 миллион 824 миӊ сомун эсептен чыгарып салышкан. Себебин бүгүн "Абдыгуловдун банк системине өтөгөн эмгеги үчүн" деп түшүндүрүп жатышат. Улуттук банктын ишин жөнгө салчу мыйзамдын 71-беренесинде Улуттук банктын башкармалыгынын укуктары көрсөтүлгөн. Анда банк кызматкерлерине турак жай ссудаларын берүүгө, аларды социалдык жактан колдоонун башка чараларын көрүүгө укуктуу экени жазылган. Расмий маалыматка таянсак, акыркы 18 жылда Улуттук банк кызматкерлерине турак жай маселесин чечиш үчүн 798 миллион 869 миң сом бөлүп берген. Анын 31 миллион 921 миң сому эсептен чыгарылган. Бюджеттик ссудалар боюнча бул биринчи окуя эмес. 2017-жылы Башкы прокуратура парламент депутаттары Игорь Чудинов менен Акылбек Жапаровго "коррупция" боюнча кылмыш ишин ачкан. Тагыраагы, алар өкмөт мүчөлөрү болуп турганда - 2009-2015-жылдары “Унаа сыноо станциясы” ишканасына 200 миллион сом бюджеттик ссуданы мыйзамсыз бөлүштүргөн жана максатсыз пайдаланган деген айыпталган. Чудинов башка кылмыш ишинде да фигурант болуп, Октябрь райондук соту аны 5 миллион сом айыпка жыкты. Быйыл жайында Бишкек шаардык соту бул чечимди күчүндө калтырып, Чудинов депутаттык мандаттан ажыратылган. Ал эми 200 миллион сом ссудага байланыштуу иштин дайыны чыкпай кетти. Абдыгуловго берилген ссуданы эсептен өчүрүү канчалык мыйзамдуу болгонун текшерүүчү органдар аныктоого тийиш. Ага чейин окуянын моралдык тарабын эске салгандар болууда. Саясатчы Равшан Жээнбеков бюджети жыл сайын 20 миллиард сом дефицит менен бекитилип жаткан, коррупция гүлдөгөн, экономикалык өсүш жок өлкөдө бир дагы чиновниктин мамлекеттен жеӊилдик алууга моралдык укугу жок дейт. Жеткиликтүү турак жай программасы ийгиликтүү иштебеген, мугалим, врачтар баш болуп, миӊдеген жарандары үйгө муктаж өлкөдө чиновниктердин минтип бюджеттик акчанын эсебинен пайда көрүп жатышы кыжырдануу жаратат...

Самара Каримова Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын директору кызматынан бошотулду. Тийиштүү буйрукка маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов кол койду. Жаманкулов ырчы директорлукка мыйзамсыз дайындалган дейт. Айтымында, Самара Каримованы кызматка дайындоо боюнча аталган министрликтин статс-катчысы (министрдин милдетин аткаруучу) Бактыбек Секимов 24-октябрда кол коюп, андан кийин Ташкентке учуп кеткен. "Буйрукту каттоо учурунда Секимов бул жерде болушу керек эле" дейт министр. Ошондой эле Жаманкулов Каримованын аталган кызматка барышына каршы экенин, директорлукка кесипкөй адамдар барышы керек деген оюн айтты. Айта кетсек, Каримова жаӊы жетекчи катары окуу жайдын жамаатына 30-октябрда тааныштырылып, ишин баштаган. Окуу жайдын ишин алдыга жылдырууга бүт күчүн жумшай турганын айткан Каримова 2 күндөн кийин кайра кызматтан алынды. Бул чечимди ырчы бут тосуу деп баалады. "Менин кичинекей кызматка барышым көп адамдын уйкусун бузат экен. 2 жылда окуу жайды гүлдөтүп коёюн деген оюм бар эле", - дейт ал. 2017-жылы Каримовага Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти наамы тапшырылганда да коомчулук чуу түшкөн. Самара Каримованын мамлекеттик кызматка дайындалышы боюнча былтыр да талкуу жараткан окуя орун алган. Ал кездеги маданият министри Түгөлбай Казаков Каримованы Оштогу "Сулайман-Тоо" музейинин директору кылып дайындаган. Ырчы өзү "бул кызмат чыгармачылыгыма жолтоо болбойт" деген эле. Бирок бул дайындоо сын-пикир жаратып, талкуу күчөгөн соӊ Каримова кызматтан баш тарткан. Бул окуялардан улам "иштейм деген адамдарга мүмкүнчүлүк бербей жатышат, Каримовага убакыт беришсе, иши менен жыйынтык көрсөтмөк" деген пикирлер көп айтылууда...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан