Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев жооп берди.
Ал Кыргыз өлкөсүнөн да жакынкы убактарда реформаторлор чыгат деген пикирин айтты.
“Учурда бийлик башынан башка мамлекеттин лидерлерине тең келе турган, таза кыргыз саясатчыларын көрө албай турам. Мунун себеби бар. Эгемендүүлүктү алгандан бери эле кадр саясатын бузуп алганбыз. Ошондо эле Кыргыз мамлекетине күйбөгөн, сырттан келген кеңешчилердин колуна кадр саясатын берип койдук. Анын алгачкы курмандыгы Насирдин Исанов болду. Кыргызга күйгөн саясатчыларды бийликтен оолактатуу боюнча максаттуу саясат жүргүзүлүп келе жатат. Мен буга бөркүмдөй ишенем. Ошол эле учурда чечкиндүү, чынчыл жигит-кыздарыбыз да жок эмес, алар арабызда эле жүрөт”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков, саясатчы Таалатбек Масадыков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, саясий эксперт Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов, саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.