Армениянын экс-премьер-министри Никол Пашинян ушул жылдын 8-майында өкмөт башына келип, 2 айда мамлекеттик бюджеттен уурдалды делген 42 миллион долларды кайтарды. Ошондой эле өлкөнүн мурдагы башчыларына кылмыш ишин козгоп, бийликтин бардык бутагындагы кадрларды алмаштырып, учурда мөөнөтүнөн мурда өтчү парламенттик шайлоого даярданууда. Ал эми Грузиянын эки жолку президенти Михаил Саакашвили да дүйнөгө мыкты реформатор катары тааныла алды. Ал бийлик башына келип эле укук коргоо органдарындагы 20 миңге чукул кызматкерди кызматтан бошотуп, жаңы электрондоштурулган систем курган. Андан сырткары коррупция менен аёосуз күрөшүп, салыктын түрүн 22ден 6га түшүргөн.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз саясатында Пашинян, Саакашвили сыяктуу реформаторлор барбы?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.
Экс-депутаттын пикиринде, Кыргыз өлкөсүндө Пашинян, Саакашвили сыяктуу лидерлер бар.
“Биздин коомдо Пашинянга да, Саакашвилиге да окшогон лидерлер бар. Бирок алардын бийлик башына келишине коом жол бербей жатат. Өлкө баалуулуктарын өзгөртө ала турган көз караштагы саясатчыларга коомдон талап болгондо гана бийлик башчылары алмашат. Азыр Кыргыз коомунда реформаторлорго караганда, Путин, Назарбаев сыяктууларга талап жогору. Реформаторлордун бийликке келиши саясатчылардан эмес, коомдон көз каранды. Эл реформаларды каалаганда гана алардын идеяларынын башына келе ала турган лидерлер чыгат”, - деди Жээнбеков.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиев, саясатчы Таалатбек Масадыков, мурдагы экономика министри Арзыбек Кожошев, саясий эксперт Игорь Шестаков, УКМКнын мурдагы бөлүм башчысы Максат Мамытканов жана саясий ишмер Мукар Чолпонбаевдин пикири бул шилтемеде.