КСДП партиясынан чыгарыла турган кезектеги депутат ким? Партиянын жообу

"КСДП партиясынын тизмесинен чыгарыла турган башка дагы депутаттар барбы же жокпу бул маселе талкуулана элек". Бул тууралуу 3-ноябрда КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева SUPER.KG'ге кабарлады.

Жолдубаеванын айтымында, КСДПнын саясий кеңешинин кийинки отуруму качан болору белгисиз. Ошондой эле азырынча саясий кеңештин жыйынга чогулуусуна зарылчылык жок экенин кошумчалады.

31-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын катарынан чыгарылганы кабарланган. Ага чейин партиянын дагы бир мүчөсү депутат Кожобек Рыспаев да партиянын катарынан чыгарылган эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан