Юрист Канатбек Азиз КСДП жана депутаттар Кожобек Рыспаев менен Иса Өмүркуловдун айланасында болуп жаткан окуялар боюнча өз пикирин жарыялады. Ал КСДПнын уставынан Өмүркулов же Рыспаев бузду деген жобону таппаганын айтат.
"КСДПнын негизги максаты "Кыргыз Республикасында күчтүү экономикалык потенциал түзүү, жарандык коомдун позициясын бекемдөө жана укуктук мамлекетти куруу" деп белгиленген. Өмүркулов да, Рыспаев да бул максаттарга каршы маселе көтөргөн эмес. 2010-жылга чейин Конституцияда эгер депутат партиядан чыкса же чыгарылса, ал мөөнөтүнөн мурда депутаттык мандаттан ажырай турганы жазылган. 2010-жылкы Конституциядан бул норма алынган жана депутаттардын көз карандысыз иш жүргүзүүсүнө шарт түзүлгөн. Айтор, партиянын Жогорку Кеӊештеги өзүнүн фракциясына күчтүү таасири болбойт. Партия жоюлуп кетсе деле, парламенттеги КСДП фракциясы өзүнүн 5 жылдык мөөнөтүнүн аягына чейин иштеши керек", - дейт юрист.
"Мындан улам КСДП саясий партиясы Өмүркулов менен Рыспаевди бир эле жол менен жазалай алат: 2020-жылы өтчү парламенттик шайлоодо талапкерлердин тизмесине ал экөөнү жана башкаларды киргизбей коёт. Бирок буларга башка партиялар аркылуу шайлоого катышуу кыйынчылык жаратпайт", - деген пикирде Канатбек Азиз.
31-октябрда Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов партиянын катарынан чыгарылганы кабарланган. Ага чейин партиянын дагы бир мүчөсү депутат Кожобек Рыспаев да партиянын катарынан чыгарылган эле.