2016-жылдын апрель айында МАИ жана Жол кайгуул кызматтары бириктирилип, Патрулдук милиция башкармалыгы ишке киришкен. Кийин өкмөттүн токтому менен Патрулдук милиция башкармалыгы жоюлуп, Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы болуп түзүлгөн.
Эми кайрадан Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын бөлүктөрү жана Патрулдук-нөөмөт бөлүмдөрү бириктирилип, Патрулдук милициянын жаңы бөлүмү түзүлгөнү жатат. Бул өзгөртүү жол коопсуздугун камсыздаган ички иштер органдарынын бөлүктөрүн реформалоонун натыйжасында иштелип чыкканы маалым болду.
SUPER.KG порталынын "Милициядагы реформалар эмне жыйынтык берди?" деген соболуна МАИни реформалоо боюнча жумушчу топтун мүчөсү Тимур Шайхутдинов жооп берди.
Анын айтымында, жаңы Патрулдук милицияны түзүүдө бир нече сунуштар киргизилип, аларды аягына чейин чыгарууда убада берилди.
"Биринчиден, кадрлардын көбүн жаңылоо жана аларды жаңы жаш кызматкерлерге сынак аркылуу алмаштыруу. Буга чейинки тажрыйбалары эске алынбайт. Ишке кирер алдында жаңы кадрлар бир нече ай ичинде негизги окуудан өтүшү зарыл. Экинчиден, жаңы бөлүм үчүн жаңы эрежелер жана баалоонун критерийлери даярдалды. Алар жарандардын ишенимине кирүү, тез арада реакция кылуу, белгиленген аймакта коопсуздукту камсыздоо мүмкүнчүлүгүндө негизделген.
Үчүнчүдөн, биз жаңы Патрулдук милициянын башчысы сынак аркылуу тандалсын деп сунуштаганбыз, биз менен макул болушту. Төртүнчүдөн, кызматкерлердин айлык маяналарын көтөрүү маанилүү жана дотациядагы эмес жергиликтүү бийликтерге төлөө системи боюнча чечимди өз алдынча чыгаруу укугун берүү керек. Бешинчиден, жаңы кызматтын кадрларын начарлап кетпеши үчүн 2 жыл ичинде ротация жүргүзүүгө тыюу салынат. Жетекчилик кызматкерлерин өзү каалаган кызматтарга коё берсе, ачык сынактын текке кеткенин Каржы полициясынын мисалынан көрдүк.
Биринчи Патрулдук милиция чындыгында бир ай эле иштеген. Андан кийин мурдакыдай абалга кайтып келген, анткени идея өзү начар болчу. Ал башка өлкөлөрдө жакшы иштейт, бирок биздеги Патрулдук милицияга мурдагы МАИчилер киргени үчүн жана ачык сынак өтпөгөнү үчүн ушундай болуп калган", - деген пикирде Шайхутдинов.
Жогорку Кеңештин депутаттары Искендер Матраимов, Дастан Бекешев, Зарылбек Рысалиев, мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун кеңешчиси болгон Талант Султановдун пикири төмөнкү шилтемеде.