ЖЫЛНААМА, 13-НОЯБРЬ: Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов 61 жашка толду

Жогорку Кеңештин депутаты Мухтарбек Айнакулов 1957-жылы 13-ноябрда Чүй облусунун Жайыл районундагы Сосновка айылында туулган.

Ал 1981-жылы Москва шаарындагы С.Герасимов атындагы Бүткүл Орусиялык мамлекеттик кинематография институтун аяктаган. 1983-жылдары Москвадагы А.В.Луначарский атындагы Орусия театралдык искусство институтун "актёр, режиссёр" адистиги боюнча бүтүргөн.

Эмгек жолун 1983-жылы Ысык-Көл облусунун Пржевальск шаарындагы К.Жантөшев атындагы Ысык-Көл драмалык театрында режиссёр, актёр болуп иштөө менен баштаган.

2007-2011-жылдары Бишкек шаарында "Бишкек-Фильм" студиясында режиссёр;

2012-2014-жылдары "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы "Сакчы" ишканасынын директорун орун басары;

2014-2015 жылдары "Бишкек" ЭЭАдагы "Сервис" ишканасында жетектөөчү адис болуп иштеген.

2015-жылдын КСДПнын тизмеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган.

Эки баланын атасы.

13-ноябрга карата жылнаама.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан