Бүгүн, 14-ноябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Ирина Карамушкина экс-мэр Нариман Түлеев Бишкек шаарындагы бала бакчасын бузуп, ордуна VIP үй курганын айтты.
Депутат Башкы прокуратурага бул боюнча уруксатты ким бергенин аныктоону сунуштады.
“Бишкек шаарынын Москва көчөсү менен Турусбеков көчөсүнүн кесилишинде бала бакча бар болчу. Түлеев VIP үй куруп, батирлерди сатып жиберген. Башкы прокуратурага бала бакчаны бузуу боюнча ким тараптан уруксат берилгенин аныктап чыгуусун сунуштайм”, - деди ал.
Парламенттин жыйынында билим берүү уюумдарынын имараттарын куруу боюнча өкмөттүк саат өттү.