24-ноябрда саясий жана жарандык коом тарабынан уюштурулган республикалык курултай өтөт. Анда экс-президент Алмазбек Атамбаев менен азыркы өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун жана Жогорку Кеңештин ишине баа берилет.
SUPER.KG порталынын "Бул курултайдан кандай жыйынтык күтүүгө болот?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Курманкул Зулушев төмөнкүдөй жооп берди.
Анын айтымында, курултай боюнча так маалымат жок болгондуктан алдын ала божомолдоонун кажети жок.
"Курултай өткөрүү укугу ар кимде бар. Көтөрүлүп жаткан маселелер актуалдуу. Эми аны кандай форматта алып чыгат, кандай мааниде ишке ашат, ага кимдер келет - ушунун баары бири-бирине байланыштуу. Курултай эгер өзүнүн мыйзамдуу аракеттери менен өтүп, анда мыйзамдуу талаптар Конституция берген укуктун негизинде коюлса, албетте, ага көңүл бурулат.
Курултай өтөт деп мен да ЖМКлардан угуп жатам. Алардын программасы кандай жана эмне суроолор коюлат, азырынча белгисиз. Алмазбек Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөтүнө баа берүү, азыркы президенттин 1 жылдык ишин салыштыруу деген ойлор чыгып жатат, бирок курултайдын уюштуруучуларынын так өткөрөбүз деген маалыматы чыга элек. Ошондуктан алдын ала божомолдоонун кажети жок. Жакында билинет, турмуш көрсөтөт", - деди Зулушев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Таабалды Тиллаев, Искандер Гайпкулов, экс-депутат Равшан Жээнбеков, укук коргоочу Рита Карасартова, саясат таануучу Игорь Шестаков, саясий ишмер Максат Мамытканов, коомдук ишмерлер Жыпар Жекшеев жана Нурланбек Шакиевдин пикири төмөнкү шилтемеде.