Депутат Дастан Бекешев кээ бир министрликтерде компьютер менен иштеген кызматкерлерге зыяндуулугу үчүн кошумча акча берилгенине нааразы болду. Бул тууралуу ал бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди. “Компьютердин зыяндуулугу боюнча кайсы министрликтин кызматкерлерине кошумча акча берүү каралган? Кайсы токтомдун негизинде кошумча акча берилип жатат? Бюджеттен канча каражат кетти?” - деп сурады депутат.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев бул боюнча өкмөттүн токтому бар экенин айтты. “Бул токтом кайсы жылы пайда болгонун тактайм. Мисалы, статистика комитетинен компьютердин зыяндуулугу боюнча өкмөттүн токтому аткарылбай жатат деген даттануу түштү”, - дейт өкмөт башчы.
Дастан Бекешев бул токтомду жокко чыгаруу же компьютер менен иштеген бардык кызматкерлерге кошумча каражат төлөнүп берилиши керектигин белгиледи. “Анда мектеп окуучуларына, ишкерлерге, кеңседе иштегендердин баарына кошумча акча төлөп берүү керек” деди Бекешев.