Премьер-министр өкмөт "Кумтөр" боюнча келишимди кайра карап чыга турганын айтты

Кыргыз өкмөтү “Кумтөр” боюнча “Центерра голд” компаниясы менен болгон стратегиялык келишимди кайра карап чыгат. Бул тууралуу бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Анын айтымында, стратегиялык келишимге мурунку премьер-министр (ред. Сапар Исаков) тарабынан кол коюлган.

“Азыркы учурда сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Биз өзүбүздүн сунуштарыбызды бердик. Канада тарап сунштарды изилдеп жатат. Бүгүнкү күнү макулдашуу боюнча 7 миллион доллар түштү, бирок каражат колдонула элек. “Центерра голддун” акциясы сатылат деген кептер бар. Кийинки жумада компаниянын жетекчиси келет. Ошондо сүйлөшүүлөр болот”, - дейт Абылгазиев.

Жыйында республикалык бюджет тууралуу долбоорлор каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан