Жогорку Кеңеште республикалык бюджет боюнча долбоорлор жактырылды

Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңеште республикалык бюджет боюнча долбоорлор каралды. Жыйында 2017-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы, 2018-жылга республикалык бюджети жана 2019-2020-жылдарга болжолу жөнүндө мыйзам долбоорлору талкууланды.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев депутаттар тарабынан айтылган каалоо-тилектерди жана сын-пикирлерди кабыл ала турганын айтты. "Депутаттар тарабынан сын-пикирлер айтылды. Бардыгыбыздын сунуштап жаткан маселелерибиз мекенибиздин өнүгүшү багытталган. Сиздер айткан сындарды туура түшүнүп, кабыл алып, оңдойбуз", - деди өкмөт башчы.

Жыйынтыгында республикалык бюджет тууралуу долбоорлор 1-окууда жактырылды. Жалпы 102 депутат каттоодон өтүп, бардыгы "макул" деп добуш беришти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан