Иса Өмүркулов бүгүн фракция жыйынында ал тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин чечими каралбай турганын айтты

Бүгүн, 16-ноябрда КСДП фракциясынын жыйыны өтөт. Анда фракция лидери Иса Өмүркулов жыйынында ал тууралуу КСДПнын саясий кеңешинин чечими каралбай турганын айтты. Бул тууралуу депутат журналисттерге билдирди.

Жыйында эки маселе каралат. Кыргыз Республикасындагы автоунаа жолдорун куруу, оңдоо жана камсыздоо боюнча өкмөттүн ишмердүүлүгү тууралуу жана ар түрдүү маселелер талкууланат.

Буга чейин Иса Өмүркулов SUPER.KG порталына фракцияга партиянын саясий кеңешинин чечими толугу менен келе электигин айткан. "Партиянын жыйынына кимдер катышканы тууралуу маалымат келген эмес. Чечим толугу менен келгенде бул маселе каралат", - деп билдирген Өмүркулов.

"КСДП Атамбаевсиз" деген ураан менен жыйын өткөрүп жүргөн активисттер Өмүркулов менен жолугушуу өткөрүп, фракция лидери аларды колдоду деп маалымат тараткан. 31-октябрда КСДП Иса Өмүркуловду "партиянын негизги максатына жана партиянын жобосуна каршы аракет жасаган" деп өз курамынан чыгарган. Өмүркулов аны партиядан четтеткен КСДПнын саясий кеңешинин жыйынын "легитимсиз" деп атаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан