Бүгүн, 16-ноябрда Жогорку Кеңештин "Республика-Ата Журт" фракциясынын жыйынында курулуш бизнес чөйрөсү, шаар куруу, турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу маселелери каралып жатат. Анда депутат Зарылбек Рысалиев жыйынга тийиштүү министрлердин ордуна алардын орун басарлары келгенине нааразычылыгын билдирди.
"Жетекчилер кайда? Силерди жиберип коюп, өздөрү эс алып жатышабы? Силердин "иш сапарга кетти" деген шылтооңор даяр. Анда биздин жыйынга "дайыма орун басарлары келсин" деген чечим кабыл алып койбойлубу?" - деп нааразы болду Рысалиев.
Өкмөт мүчөлөрү бир учурда 2-3 фракциянын жыйындары болгонуна байланыштуу министрлер КСДП фракциясынын жыйынында экенин билдиришти.
Зарылбек Рысалиев "КСДП фракциясы башкачабы?" деп кийинки жыйынга министрликтердин жетекчилеринин келүүсүн талап кылды.