Никол Пашинян эл арасынан мыкты кадрларды жыйноо үчүн сынак жарыялады

Армениянын премьер-министринин милдетин аткаруучу Никол Пашинян эл арасынан мыкты кадрларды жыйноо үчүн сынак жарыялады. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Пашинян премьерликтеги 6 айында жарандардан "кесипкөй адистердин, мыкты уюштуруучулардын мамлекетке кызмат кылуу каалоосу өкмөткө жетпей жатат" деген даттануулар көп түшкөнүн белгилеген.

"Мындан улам жаңы механизмди иштеп чыктык. Биз мамлекеттик башкаруунун бир тармагынан ордун таба алчу, өз тармагында реформа жасоого каалоосу бар ар бир жаранды кызматташууга чакырабыз. Алар атайын ачылган электрондук дарегибизге резюме менен мотивациялык кат жазып жибериши зарыл. Жиберген документтери жакшы баа алган жарандар маектешүүгө чакырылат. Бир нече баскычтан ийгиликтүү өткөндөр "кадрлар банкына" киргизилет", - деп жазды Пашинян.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
yrysbek
2018-11-19 09:29:03
Ийгилик, Кудай Таала буюрса Кыргыз мамлекети да онугобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан